Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев:“Сот кандуу режимдин жасаган иштерине акыры баа бергени чоң мааниге ээ”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев сот 2010-жылдын 7-апрелине чейин өлкөнү башкарган кандуу режимдин жасаган иштерине акыры баа бергени чоң мааниге ээ деп эсептейт.

Мамлекет башчысы 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында ондогон мекендештерибиздин курман болушуна чыныгы күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алышын ар дайым колдоп келген. Бакиевдин режими кыргызстандыктарды массалуу түрдө өлтүргөнү бардыгыбыз үчүн чоң трагедияга айланып, жүрөгүбүздү терең жаралантты. Процесстин тегерегинде  түрдүү талкуу болоору азыртадан эле ачыкталып калды, бирок сот көп иш жасап, өз чечимин чыгарды, аны терең изилдеп карап чыкмайынча комментарий берүүгө болбойт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2014-жыл 25-июль