Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 19-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына тышкы иштер министрлеринин V кеңешмесинин “Борбордук Азия + Япония” диалогунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. 

Министр Эрлан Абдылдаев Япония, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери менен өткөрүлгөн  сүйлөшүүлөрдө, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуунун абалы жана келечеги боюнча мазмундуу пикир алмашуу жүргөндүгү тууралуу айтып берди. Тактап айтканда министр Борбордук Азия регионунун тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен өткөрүлгөн жолугушууларда кыргыз тарап  өлкөлөр ортосундагы маселелерди конструктивдүү жол менен гана чечүү зарылчылыгын баса белгилегендигин кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Эрлан Абдылдаев  регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерди дагы талкуулашты.

Мамлекет башчысы өлкөнүн тышкы саясат боюнча күч аракети  эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну активдештирүүгө, ал эми келип чыккан маселелерди Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилүүгө тийиш экендигин белгиледи.

2014-жыл 19-июль