Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев малазиялык авиалайнердин кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу жолдоду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Нидерланддардын Королу Виллем-Александрга, Малайзиянын Премьер-министри Наджиб Тун Разакка жана Австралиянын Генерал-губернатору Питер Джон Коскгроувго Украинанын территориясында малазиялык авиалайнердин кыйрашынын кесепетинен көптөгөн курмандарга байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчысы каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан, колдоо көрсөткөн  сөздөрүн узатты.

2014-жыл 18-июль