Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 18-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Куралдуу Күчтөрдү реформалоо иштери боюнча жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди.

2014-жыл 18-июль