Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн жана немис элинин ар тараптуу жардамын жана колдоосун Кыргызстан  ар дайым ыраазычылык менен кабыл алаарын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Европада Кыргызстандын салттуу маанилүү өнөктөштөрүнүн бири Германия менен көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми достошкон немис элине – бакубатчылык жана жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2014-жыл 17-июль