Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мартин Шульцту Европа парламентинин Төрагасы кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Мартин Шульцту Европа парламентинин Төрагасы кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы Мартин Шульцтун жетекчилиги алдында Европа парламенти евроинтеграцияда, ошондой эле азыркы социалдык маселелерди чечүүдө жаңы бийиктиктерди багынтаарына ишенимин билдирди. ”2013-жылдын сентябрындагы жолугушуубуз тууралуу жылуу эскерүүлөрдү сактап, Сиз менен баштаган диалогду улантсак абдан жакшы болоор эле”,- деп белгиленет куттуктоодо.

Президент Алмазбек Атамбаев Мартин Шульцка чың ден соолук  жана жогорку кызматта мындан аркы  ийгиликтерди каалады.

2014-жыл 17-июль