Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жан-Клод Юнкерди Европа комиссиясынын Төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жан-Клод Юнкерди Европа комиссиясынын Төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы азыркы тапта Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда мамиле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоого чындап умтулуу менен өзгөчөлөнүп тураарын белгиледи. ”Биз Кыргызстанда демократиялык процесстерди тереңдетүүгө жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүгө Европа союзунун  көрсөткөн колдоосун жана жардамын жогору баалайбыз”, - деп белгиленет куттуктоодо.

Мамлекет башчысы Жан-Клод Юнкердин Европа комиссиясынын Төрагалыгына  шайланышы Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда саясый диалогду кеңейтүүгө жана соода-экономикалык кызматташууну чыңдоого жаңы дем берээрине ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Жан-Клод Юнкерге чың ден соолук, бакубатчылык жана жогорку кызматта ийгиликтерди каалады.

2014-жыл 17-июль