Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Асловду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 17-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сирожиддин Асловду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда жетишилген макулдашууларды аткаруунун маанисин баса белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан  менен Тажикстандын ортосундагы маселелерди чечүү максатында эки өлкөнүн компетенттүү органдары конструктивдүү жана тең салмактуу мамиле жасап, өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүсү зарыл экендигин кошумчалады.

2014-жыл 17-июль