Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 16-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга иш сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөлөр ортосундагы маселелерди чечип, эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы чыңдоо зарылчылыгын баса белгиледи.

2014-жыл 16-июль