Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинге Москва метрополитениндеги аварияга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге адамдардын курмандыгына алып келген Москва метрополитениндеги авариянын кесепетинен болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, колдоо көрсөткөн сөздөрүн узатып, бардык жапа чеккендерге тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.

2014-жыл 16-июль