Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисовду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 16-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри Ерлан Идрисовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун түрдүү маселелери, анын ичинде евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстердин алкагында өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу аспектилери талкууланды.

Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов Мамлекет башчысын  Кыргызстан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жана жетишилген келишимдер, анын ичинде Президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Боло турган сапар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүүгө тийиш, тактап айтканда экономика чөйрөсүндө өз ара кызматташууну активдештирүүгө көмөктөшөөрү талашсыз.

Ошону менен бирге жолугушуунун жүрүшүндө эки Мамлекеттин башчыларынын өз ара сапарларынын жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы талкууланып, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун түрдүү чөйрөлөрүндөгү конкреттүү маселелерине көңүл бөлүндү.

2014-жыл 16-июль