Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Япониянын тышкы иштер министри Фумио Кисиданы кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 16-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Кыргызстанга расмий сапар менен келген Япониянын тышкы иштер министри Фумио Кисиданы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-япон мамилелеринин актуалдуу маселелери, ошондой эле  Президент Алмазбек Атамбаев Японияга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы Япония менен мамиле Кыргызстандын тышкы саясатындагы маанилүү багыт экендигине токтолуп, ал ырааттуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгиледи. “Өлкөлөрүбүз абдан алыс аралыкта жайгашкандыгына карабастан, элдерибиз руху боюнча бири бирине абдан жакын”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы эки тараптуу кызматташуунун түрдүү тармактарында кыргыз-япон мамилелерин мындан ары активдештирүүнүн зарылчылыгын белгиледи. “Биз тыгыз жана активдүү иштешибиз зарыл”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев ошону менен бирге Кыргызстан Бишкекте өткөрүлүп жаткан “Борбордук Азия + Япония” Диалогуна катышуучу-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешмесине олуттуу маани берээрин белгиледи.

Өз кезегинде Фумио Кисида жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн  ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга келип, Мамлекет башчысы менен жолугушкандыгына ыраазы экендигин белгиледи. “Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы түрткү берген Сиздин Японияга жасаган сапарыңыз ийгиликтүү өткөндүгүнө ыраазымын. Кыргызстан региондогу парламенттик демократия куруп жаткан жападан жалгыз өлкө. Биз, албетте, өлкөлөрүбүздүн ортосунда мамилелерди өнүктүрүүгө тийишпиз”,- деди Фумио Кисида.

Жолугушууда экономика, соода жана инвестициялар жаатында кыргыз-япон кызматташуусун активдештирүү зарылчылыгы баса белгиленди.

2014-жыл 16-июль