Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 12-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жакында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогунда болгон куралдуу инциденттин жагдайлары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматына мамлекеттик чек арада кырдаалды мындан ары стабилдештирүү боюнча бардык чараларды колдонуу милдетин тапшырды.

Мамлекет башчысы өлкөнүн мамлекеттик чек арасын чыңдоо жана аны кайтарууну күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

 

2014-жыл 12-июль