Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Петр Порошенкону Украинанын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 16-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Петр Порошенконун дарегине Украинаны Президенти кызматына шайлангандыгына байланыштуу куттуктоо жолдоду.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы кыргыз-украин көп тармактуу кызматташуу мындан ары  да тереңдетилип жана жемиштүү өнүгүүсүнө ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Петр Порошенкого чың ден соолук жана Украинанын достук элинин гүлдөп өнүгүүсү үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгилик каалады.

 

2014-жыл 16-июнь