Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы менен энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 11-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетикалык системасын чыңдоо жана модернизациялоо маселеси боюнча финансы министри Ольга Лаврованы менен энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн, тактап айтканда Ош шаарынын жана Ош облусунун энергетикалык системасынын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган  башталчу иштердин айрым жагдайлары  талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөнүн энергетикалык системасын чыңдоо жана модернизациялоо маселесинин маанисине токтолуп, Ош шаарын жана Ош облусун энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын баса белгиледи.

2014-жыл 11-июль