Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Эдуард Шеварднадзе дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Грузиянын Президенти Георгий Маргвелашвилиге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Грузиянын экс-Президенти Эдуард Шеварднадзе дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Грузиянын Президенти Георгий Маргвелашвилиге көңүл айтты.

“Эдуард Амвросиевич Шеварднадзе дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз”, - деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуусунда.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда Эдуард Шеварднадзени тажрыйбалуу жетечи, чыгаан саясатчы, таланттуу адам жана өз өлкөсүнүн чыныгы мекенчили катары билишчү деп белгилейт. “Ал Союздун тышкы саясат министрлигин жетектеп турганда СССРдин тышкы саясатына, Мамлекет башчы болуп турганда азыркы Грузиянын калыптанышына зор салым кошкон”,- деп белгилейт Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы орду толгус жоготууга байланыштуу Эдуард Шеварднадзенин туугандарына жана жакындарына, ошондой эле жалпы грузин элине көңүл айтты.

 

2014-жыл 8-июль