Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Нурсултан Абишевич!

Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

  Көп кылымдар бою калыптанган элдерибиздин достугуна жана бир туугандыгына,  Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы союздаштык мамилеге жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген эки тараптуу кызматташуу  Сиздин колдооңуз аркасында  жогорку деңгээлге жеткендигин зор канааттануу менен белгилейм.

Регионалдык интеграция ишиндеги жакында жетишилген ийгиликтер  мамлекеттерибиздин гүлдөп өнүгүшүнө багытталган көп тармактуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары дагы  бардык чөйрөдө тереңдетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем.

Урматтуу Нурсултан Абишевич, Сизге чың ден соолук, бакубатчылык, Сиздин мамлекеттик жооптуу ишмердигиңизде арыбас күч-кубат жана ийгиликтерди каалайм.

Урматтоо менен

Алмазбек Атамбаев”.

2014-жыл 6-июль