Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Федералдык кеңешчи, Швейцариянын финансы федералдык департаментинин жетекчиси Эвелин Видмер-Шлумпфту кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 7-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Федералдык кеңешчи, Швейцария Конфедерациясынын финансы федералдык департаментинин жетекчиси Эвелин Видмер-Шлумпфту кабыл алды.

Мамлекет башчысы швейцария делегациясын жылуу кабыл алып, Кыргызстан  экономика тармагында эки тараптуу кызматташууга кызыктар экендигин белгиледи.

Делегациянын катарына эл аралык финансы маселелер боюнча Мамлекеттик катчылыктын Мамлекеттик катчысы Жак де Ваттевиль, Швейцариянын Мамлекеттик катчылыгынын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элчи Беатрис Мазер-Маллор, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ренэ Холенштайн киришти.

Президент Алмазбек Атамбаев швейцария тарапка 2010-жылы Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүдө көрсөткөн жардамы, Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын алкагында натыйжалуу кызматташуусу, эл аралык финансылык институттарда Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоодо көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-швейцария мамилелери туурасында айтып келип, 2012-жылы Бишкекте Швейцариянын Элчилигинин ачылышы  эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелер ырааттуу өнүгүп жаткандыгын ырастаарын белгиледи.

Федералдык кеңешчи, Швейцария Конфедерациясынын финансы федералдык департаментинин жетекчиси Эвелин Видмер-Шлумпф Президент Алмазбек Атамбаевге жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазылык билдирип, бир катар маселелер боюнча эки тараптуу жемиштүү кызматташуу мындан ары өнүгөөрүнө ишенимин билдирди.

2014-жыл 7-июль