Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын  айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты  - Кыргыз Республикасында мурастоо институтун жана нотариаттын ишмердигин жөнгө салуучу мыйзамдардын жоболорун өркүндөтүү.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамына жана Граждандык кодекстин экинчи бөлүгүнө өзгөртүүлөр  киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 4-июль