Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Өрт коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент” Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын “Өрт коопсуздугу жөнүндө” техникалык  регламент” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 21-майында кабыл алынган.

Мыйзам мүмкүн болгон өрттүн жана анын кесепетинин алдын алуунун экономикалык механизмдерин белгилейт.

Ушул максатта Мыйзамда  өрт сигналдарынын жана өрт өчүрүүнүн  автоматтык системасын  “101” кызматына  милдеттүү түрдө туташтыруу ченеми каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 4-июль