Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Абсамат Масалиевдин өмүр жолу, жасаган эмгеги - Мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү”

Бүгүн, 2014-жылдын 4-июлунда, Ош шаарында Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин эстелигин ачуу аземине катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Кыргыз эл баатыры, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев көзү тирүү болгондо быйыл 81 жашка чыкмак.

Абсамат Масалиевич кыргыз элинин көрүнүктүү атуулу, чыныгы мекенчил, таза инсан катары элдин эсинде калды. Агабыз турмуштун бардык оорчулугуна чыдап, өз мээнети, ак эмгеги менен бийик даражага жетишкен.

Көп жылдар бою Кыргызстан коммунисттик партиясын жетектеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары чындыкты бетке айтып, өлкөнүн тагдыры, элдин келечеги үчүн күрөшүп келген. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салымын кошкон.

Абсамат Масалиевичтин өмүр жолу, жасаган эмгеги -  Мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү. Агабыздын басып өткөн жолун улуу мекендешибиз Исхак Раззаковдун: «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот», - деген сөзү таасын туйундурат. Агабыздын артында жакшы аты, жасаган эмгеги калды. Кыргыз эли мындай уулдарын эч качан унутпайт.

Бүгүн Кыргызстан Абсамат Масалиевичтей жаратман, таза, чынчыл инсандарга муктаж. Абсамат агабыздын жаркын элеси  ар бирибизди мекенчилдикке, жаратмандыкка, тазалыкка үндөп турат. Жаш муундарга - мекенине ак кызмат кылуунун үлгүсү болуп кала берет!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                Алмазбек Атамбаев”

 

2014-жыл 4-июль