Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Ыйман” фондунун байкоочулар кеңешинин жана башкармалыгынын мүчөлөрүн кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 3-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун байкоочулар кеңешинин жана башкармалыгынын мүчөлөрүн кабыл алды.

Мамлекет башчысы  жолугушуунун жүрүшүндө   руханий маданият жана диний агартуу ишинде “Ыйман” фондуна зор ишеним артып жаткандыгын  белгиледи. “Фонддун ишмердиги  өлкөдө исламдын чыныгы, тынчтыкка үндөгөн вазийпасын түшүндүрүүгө, конфессиялар аралык ынтымакташтыкты бекемдөөгө,  түрдүү диндерди урматтоого  жана  диний экстремизмдин  көрүнүштөрүнө каршы туруунун натыйжалуу  ыкмаларын жана формаларын иштеп чыгууда мамлекетке жана жарандык коомго   көмөктөшүүгө  багытталууга тийиш”, - деп баса белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө Фонддун болочоктогу ишмердиги талкууланды, жакынкы аралыкка ишинин негизги багыттары аныкталды.

2014-жыл 3-июль