Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Бүгүн, 2014-жылдын 3-июлунда, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик  медицина академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ирсалиев Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу медицина кызматкерлери, саламаттык сактоонун ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Муктаж болгондорго жардам берүүгө умтулуу – бул адамдык асыл касиет. Оор учурларда адамдарга зор үмүт жана ишеним жаратып, дайыма жардамга келесиздер. Сиздер аркалаган кесип талыкпаган эмгекти, мээримдүүлүктү, сабырдуулукту талап кылат. Көп учурда адамдарга кылган мээримиңер, жылуу мамилеңер дартка даба.

Кыргызстандын негизги байлыгы – элибиз. Улуттун саламаттыгын сактоо – биздин башкы милдетибиз. Алдыда аткарчу иштерибиз арбын. Биринчи кезекте медициналык тейлөөнүн сапатын арттырууга, аны коомубуздун бардык катмарына жеткиликтүү кылууга, саламаттык сактоонун материалдык-техникалык  базасын  бекемдөөгө тийишпиз. Дарыгер кесибинин кадыр-баркын көтөрүүгө милдеттүүбүз.

Эгемендүүлүктүн эң татаал жылдарында сиздер кесибиңерди таштап кеткен жоксуздар. Берген антка бекем турдуңуздар. Ак ниет жана асыл эмгегиңиздер үчүн таазим кылабыз. Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо каалайм! Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин!

Кыргыз Республикасынын
Президенти                                                                      Алмазбек Атамбаев"

2014-жыл 3-июль