Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын  айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 22-майында кабыл алынган.

Мыйзам  балдардын укуктарын коргоо максатында кабыл алынган жана  Кылмыш, Үй-бүлө кодекстерине   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.

Мыйзам жашы жетпеген жана он сегиз жашка толгон, бирок эмгекке жарамсыз балдарды багуу үчүн соттун чечими  менен чектелген каражатты төлөөдөн баш тарткан ата-энелердин жоопкерчилигин арттырууну көздөйт. Ошондой эле эмгекке жарамсыз ата-энесин багуу үчүн соттун чечими менен чектелген  каражат төлөөдөн баш тарткан жашы он сегизден ашкан балдарынын жоопкерчилигин арттырууга багытталат.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого кетип жаткан жактардын  алименттик милдеттерин аткаруунун өзгөчөлүктөрүн регламенттейт.

Ошондой эле  Мыйзамда балдарга карата алименттик милдеттенмелер  кыймылсыз мүлккө (турак үй, квартира, жер участогу ж.б.) же анын бир бөлүгүнө  жеке менчик укугун алганга байланыштуу токтотулушу каралган.

Мыйзамда  балдардын укуктарын коргоого багытталган башка дагы бир катар түзөтүүлөр камтылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  күчүнө кирет.

2014-жыл 2-июль