Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамга толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам  мамлекеттик реестрде катталуу маалыматтарга өзгөртүү киргизүүнүн мөөнөттөрүн кыскартууга багытталган.

“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренеси жаңы жобо менен толукталды. Ага ылайык,  каттоочу орган кабардаманы алып, 7 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизип,  бул тууралуу салык жана статистика органдарын маалымдайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 2-июль