Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 8-январындагы  Бишкек шаарында кол коюлганКыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы  Элчилигинин обьекттерин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө макулдашууну жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Сауд Арабиясы  Королдугунун  Өкмөтүнүн ортосундагы  Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерди пайдалануу укугу жөнүндө  (өз ара келишүүчүлүк принциби) макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер  министрлигине саудиялык тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан  жогоруда көрсөтүлгөн  Макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 2-июль