Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлганКыргыз Республикасы  менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө  макулдашууну (Өнүктүрүү саясатын колдогон Экинчи операция) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы  тарабынан  көрсөтүлгөн  Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 2-июль