Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 19-июнунда  Бишкек шаарында кол коюлганКыргыз Республикасы  менен Азия өнүктүрүү банкынын  ортосундагы  Инвестициялык климатты  жакшыртуу программасы - 3-программача боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын финансы  министрлигине Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы  тарабынан  көрсөтүлгөн Гранттык Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 2-июль