Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлганКыргыз Республикасы  менен Евразия өнүктүрүү банкынын  ортосундагы Евразия экономикалык жамааттык Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Евразия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан  жогоруда көрсөтүлгөн  Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 2-июль