Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы мектептердин курулуш иштери менен таанышты

Бүгүн, 2014-жылдын 1-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Чүй облусуна жасаган иш  сапарынын алкагында Москва районунун Беловодск айылындагы авариялык абалдагы Биринчи май орто мектебине барды жана Сокулук районунун Киров айылындагы Бейшеналы атындагы  мектептин создугуп кеткен курулушу менен таанышып чыкты.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине Биринчи май орто мектебинин жаңы имаратын курууга каражат табууга, ошондой эле  Бейшеналы атындагы мектептин курулушун кыска мөөнөттө бүтүрүү тууралуу тапшырма берди.

 Иш сапарынын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаевге Биринчи май орто мектеби авариялык абалда экендиги, ошого карабастан мектепте 1018 окуучу окуп жаткандыгы туурасында маалымат берилди.

Жалпы билим берүү мекемесинин  оор абалын белгилеп, Мамлекет башчысы Өкмөткө  Чүй облусунун  Беловодск  айылына мектептин жаңы имаратын куруу үчүн каражат табууга милдеттендирди.

Президент  ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы Киров айылындагы Бейшеналы орто мектебинин курулушу менен таанышып чыкты. Мектептин курулушу 2008-жылы башталган, каражаттын жетишсиздигинен улам курулуш иштери токтоп калган.

Мамлекет башчысы  мектептин курулуш иштерине  канааттанбагандыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине Бейшеналы атындагы мектептин курулушун кыска мөөнөттө бүтүрүүгө милдеттендирди.

2014-жыл 1-июль