Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ӨКМ кызматкерлерине көп квартиралуу үйдү пайдаланууга берүү салтанатына катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 1-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында  жайгашкан Куткаруучуларды даярдоонун мамлекеттик борборунда (КДМБ) өткөрүлгөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине көп квартиралуу үйдү пайдаланууга салтанатына катышышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөбүздүн аскер кызматкерлери үчүн  турак жайдын курулушу абдан маанилүү экендигин  белгиледи. “ Үй-бүлө бактылуу болушу үчүн үй керек. Үйлүү болуу – жаш үй-бүлөнүн турмушундагы эң маанилүү окуялардын бири. Ошондуктан мамлекет  жарандарын турак жай менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлүүгө тийиш”,- деди Алмазбек Атамбаев.

18 квартиралуу үйдүн курулушуна республикалык бюджеттен  21,5 млн. сом жумшалган. Мамлекет башчысы Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына  КР ӨКМ КДМБ территориясында куткаруучулар үчүн дагы бир үй салууга финансылык каражат караштыруу милдетин тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев  аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин  турак жай менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында кыскача  айтып берди. ”Жакында биз чек арачыларга жаңы квартиралардын ачкычтарын тапшырдык. Чек арачыларга үйдү 2007-жылы, мен премьер-министр кезимде баштаганбыз. Тилекке каршы ал үй 7 жыл бою курулуп бүткөн эмес. Быйыл биз  күч органдарынын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу 15 үйдүн курулушун баштадык”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент турак жайдын курулуштарына жана ипотекалык программаларды каржылоого мамлекет каражат табат деп маалымдады. “Өкмөт  турак жай маселелерине өзгөчө көңүл буруп, аларды чечүү үчүн чара көрүүгө  тийиш”,- деди Алмазбек Атамбаев.   

Мамлекет башчысы  бардык белгиленген максаттарды ишке ашыруу үчүн өлкөдө биримдик жана  туруктуулук керек экендигин баса белгиледи. ”Түрдүү каршылык акцияларын уюштуруп жаткан көптөгөн саясатчылар келерки жылы өтө турган шайлоолорго даярдана баштаганы оң. Кыргызстаныбыз туруктуу,  келечеги кең болооруна ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент куткаруучуларды  жаңы конушу менен куттуктап, ден соолук, бакыт-таалай, тынчтык  жана жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Салтанаттын соңунда  Мамлекет башчысы КР ӨКМ Куткаруучуларды даярдоонун мамлекеттик борборунун ишмердиги менен таанышып чыкты.

2014-жыл 1-июль