Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу салык кызматкерлери!

Натыйжалуу салык системасы – ар бир мамлекеттин өнүгүшүнүн өбөлгөсү.  Финансылык көз карандысыздыкка жетишүү, өлкөнүн туруктуулугун камсыздоо көбүнесе салык кызматынын  ишине байланыштуу болоору шексиз.

Сиздердин милдет – мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо жана кыргызстандыктардын турмуш деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү. Салык системасын чындоо, төлөм топтоо ыкмаларын жакшыртуу, коррупцияны жоюу жана катарыңарды таза кармоо зарыл. 

Кесипкөйлүк жана чынчылдык ишиңердин негизги талабына айланат деп ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңерге ийгилик каалайм.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                       Алмазбек Атамбаев

2014-жыл 1-июль