Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин юристтер күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Кыргызстандын юристтери!

Сиздерди  кесиптик майрамыңыздар – Юристтер күнү менен куттуктайм!

Юрист болуу  - чоң сыймык жана зор жоопкерчилик. Мыйзамдардын аткарылышы, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо маселеси, өлкөдөгү саясый жана социалдык туруктуулуктун сакталышы сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, ишке болгон мамилеңиздерге байланыштуу.

Кыргызстандын юристтери өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарат, мекендештеринин кызыкчылыктарын коргоп, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө татыктуу салым кошот деп ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                        Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 28-июнь