Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын мусулмандары!

Бардыгыңыздарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктайм!

Ыйык Орозону ар бир мусулман үмүт, жакшы тилек менен күтөт. Жаратканга тобо келтирип, тазаланууга,  жакшылыкка, кайрымдуулукка умтулат.

Ылайым жакшы тилектериңер, асыл максаттарыңар кабыл болсун! Кыргызстаныбызда тынчтык, бейпилдик орноп, Жараткан элибизге ыйман, ынтымак, сабырдуулук берсин!

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Ар бир үй-бүлөдө ырыскы уялап, Кыргызстаныбыз гүлдөп өнүгө берсин!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                              Алмазбек  Атамбаев”

2014-жыл 27-июнь