Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: "Биздин милдет билимдүү, маданияттуу, эркин жана эмгекчил коомду калыптандыруу"

Бүгүн, 2014-жылдын 27-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык  тестирлөөнүн жыйынтыгы (ЖРТ) боюнча эң жогорку баллдарды алган өлкөбүздүн мыкты мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “алтын сертификаттарды” жана Мактоо баракчаларын тапшырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө   бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, жакшы окугандыгы жана эмгекчилдиги үчүн ыраазычылык билдирди.“Буга жетиш үчүн ар бириңер көп эмгек кылдыңар. Эми өзүңөр каалаган мамлекеттик окуу жайын тандап, бюджеттин эсебинен билим алсаңар болот”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү тарбиялаган ата-энелерине, окуткан мугалимдерине терең ыраазычылык билдирди.

Президент  билимдүү жаштарга өзгөчө ишеним артып жаткандыгын баса белгиледи. ”Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстанда газ менен нефть жок десек болот. Бизге окшогон өлкөлөрдүн дүркүрөп өсүшү үчүн бир гана жол бар - билимдүү, маданияттуу, эркин, күжүрмөн коомду калыптандыруу. Биздин ишенимибиз - силерсиңер!”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент  бүгүнкү күндө мамлекет  билим берүүгө абдан көп каражат – жалпы бюджеттин 20 пайызынан ашыгын жумшап жаткандыгын маалымдады. “Өлкөбүздө  52  жогорку окуу жайы бар, аларда 200 миң студент, анын ичинде 30 миң студент бюджеттин эсебинен  билим алышат. Тилекке  каршы билим албай эле диплом алганы баргандар дагы аз эмес. Жыл өткөн сайын жогорку билимдүү жумушсуздардын катары өсүп жатат. Эң башкысы – мартабалуу диплом алуу эмес, жумушка жетишүү! Кээде ата-энелер куру намыска жетеленип,  турмушта көп керектелбеген адистикке ээ болууга  мажбурлашат. Ошондуктан жогорку окуу жайын тандоодон мурда силер жакшы ойлонгула. Жүргүзүлгөн иликтөөлөр жакынкы беш жылдын аралыгында эмгек рыногунда маалыматтык технологиялар, туризм  жана жеңил өнөр жайынын, айыл чарбасынын адистери, инженерлер, энергетиктер көп  талап кылынаарын  көрсөтүүдө”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өлкөнү өзгөртүүгө мезгил келди. Мамлекеттик кызматта отуруп байлык топтогондордон, уурулардан, коррупционерлерден өлкөбүздү тазалайлы. Кыргыз элин региондорго, урууларга бөлгөндөргө жол бербейли”,- деп белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө кайрылып, силердин милдетиңер – жакшы окуп, тандаган кесибиңердин мыктысы болуу экендигин белгиледи. “Биз ушул өлкөдө гана бактылуу боло алабыз. Биз эгемендүү, гүлдөгөн жана адилеттүү мамлекет курууга милдеттүүбүз. Кыргызстандын үмүтү - силерсиңер!”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  бүтүрүүчүлөргө көздөгөн максатыңардан тайбай, ден соолукта, бактылуу болгула деп  жакшы каалоосун билдирди.

Салтанаттын  соңунда Президент өлкөбүздүн мыкты мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “алтын сертификаттарды” жана Мактоо баракчаларын тапшырды. Алдыңкы бүтүрүүчүлөр  Мамлекет башчысынын колунан нетбук жана стипендияларды алышты.

2014-жыл 27-июнь