Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын улуттук комиссия мүчөлөрүн кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жибек Жолу”:  Тянь-Шань коридорунун маршруттарынын тармагы жана башталыш участогу” трансулуттук сериялык номинациянын алкагында  Кыргызстандын тарыхый үч эстелигинин  ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилишине  байланыштуу ЮНЕСКО иштери боюнча  Улуттук комиссия мүчөлөрүн кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев жетектеген ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын  Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын эл аралык деңгээлде таанытуу боюнча аткарган эмгегине  канааттангандыгын билдирди. “Байыркы доордо Чүй өрөөнүндө жайгашкан Невакет, Суяб жана Баласагын шаарлары дүйнөлүк маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер катары таанылганы – Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Өз учурунда Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан шаарлар, ошол заманда  эң өнүккөн региондун саясий жана маданий турмушунда олуттуу мааниге ээ болгон”,- деп Алмазбек Атамбаев ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине эми Кыргызстандан төрт эстелик киргендигин кошумчалады.

Ошону менен бирге Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын  сактоо жана изилдөө боюнча иштерди уланта берүүнүн маанисин белгиледи. “Эгерде биз  өз тарыхыбызды изилдебесек, биз үчүн  башкалар жасашы ыктымал”,-деди Мамлекет башчысы. Ошону менен бирге  тарыхый салттар, улуттук ойчулдардын мурасы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн туруктуулугунун пайдубалы  болуп саналаарын белгилеп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө  Дохада (Катар) ЮНЕСКонун  Бүткүлдүйнөлүк  мурастар комитетинин 38- сессиясында Кыргызстан делегациясын жетектеген Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков  “Жибек Жолу”:  Тянь-Шань коридорунун маршруттарынын тармагы жана башталыш участогу” трансулуттук сериялык номинациянын алкагында  Кыргызстандын тарыхый үч эстелиги  ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилгендиги тууралуу ЮНЕСКОнун комитетинин чечиминин көчүрмөсүн  тапшырды. 

Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Мамлекет башчысын  ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокоеванын Кыргызстандын тарыхый үч эстелиги  ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилгендиги тууралуу чечимин тапшыруу максатында Кыргызстанга сапары туурасында маалымдады.

Жолугушуунун соңунда Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөткө  Кыргызстандын эстеликтерин жана  тарыхый жерлерин сактоо боюнча  тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттендирди.Бүткүл дүйнөлүк маданий мурас болгон обьектилерин коргоо жана пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. “Сулайман-Тоо, Невакет, Суяб, Баласагын жана башка тарыхый жерлерибизге  туристтер, окумуштуулар, байыркы тарых  менен маданиятты  кадырлагандар байма-бай каттагыдай кылуу колубуздан келет”,-деп белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын төрагасы Данияр Нарымбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,Улуттук комиссиянын төрагасынын  орун басары Карганбек Самаков,  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева, Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Эльнура Корчуева, Улуттук комиссиянын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүльмира Кудайбердиева, “Улуу Жибек Жолундагы эстеликтер” трансулуттук номинацияны даярдоо боюнча Эл аралык координациялык комитеттин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын тарых жана маданий  мурастар институтунун жетектөөсү кызматкери Бакыт Аманбаева  дагы катышышты.

2014-жыл 26-июнь