Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө Жарлыкка толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Жарлыкка кол койду.

Толуктоолор жана өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы  №145 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө Жарлыкка” киргизилди.

Толуктоолор жана өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын андан ары реформалоо максатында киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2014-жыл 25-июнь