Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 25-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү диний кырдаал, анын ичинде диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган  Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселелер талкууланды.

Орозбек Молдалиев Президент Алмазбек Атамбаевге   ажылыкка квоталарды бөлүштүрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия менен бирдикте Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы тарабынан колдонулуп жаткан жаңы ыкмалар тууралуу айтып берди. Жаңы ыкмалар коррупциялык көрүнүштөргө жол бербейт.

2014-жыл 25-июнь