Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ШКУнун башкы катчысы Дмитрий Мезенцевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташуу уюмунун башкы катчысы (ШКУ) Дмитрий Мезенцевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ШКУнун башкы катчысы Мамлекет башчысына  кече, 2014-жылдын 23-июнунда өткөрүлгөн Шанхай кызматташуу уюмунун “ШКУ регионун экономикалык өнүктүрүүнүн азыркы коркунучтары” IX форумунун жыйынтыктары тууралуу маалымдады. Жыйында  ШКУ катышуучу-мамлекеттеринин соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусунун маселелери талкууланган.

Президент Алмазбек Атамбаев   регионалдык экономикалык кызматташууну, жаңы транспорттук коридорлорду жана коопсуздук тармагында өз ара аракеттенишүүнү өнүктүрүүдөгү ШКУнун  олуттуу ролун белгиледи.

Мындан тышкары  актуалдуу эл аралык жана регионалдык  маселелер, ШКУну мындан ары өнүктүрүүнүн перспективалары боюнча пикир алмашышты.

2014-жыл 24-июнь