Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан Ɵкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Насыялык макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз - Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 28-майында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Сауд Өнүктүрүү Фондуна билдирүүгө милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 24-июнь