Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандум ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Бишкек шаарында 2013-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки  ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 28-майында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмга кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 24-июнь