Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлер күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Эл тагдыры, өлкөнүн келечеги ар бириңердин аракетиңерге, кылган эмгегиңерге байланыштуу экендиги шексиз.

Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенине 23 жыл болгону менен, эми гана энергетикалык, азык-түлүк, транспорт көз карандысыздыгына карай алгачкы, абдан маанилүү кадамдарды жасап жатабыз. Өлкөнүн коопсуздугун камсыздап, чыныгы эгемендикке умтулуп жатабыз!

Бийликтин күчү – элдин ишениминде, элдин колдоосунда. Мамлекеттик кызматкер деген бийиик наам ар бирибизди көп нерсеге - кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөбүздөгү тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, мекендештерибиздин турмушун жакшыртууга, эл алдында таза болууга милдеттендирет.

Ар бириңер элдин ишенимин бийик тутуп, элибизге ак кызматыңарды кыласыңар деп ишенем!

Бардыгыңарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, ишиңерге ийгилик каалайм! Кыргызстаныбыз тынчтыкта жана бейпилдикте өсүп өнүгө берсин!

Кыргыз Республикасынын 

Президенти                                                                Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 23-июнь