Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Ренжит» каналынын ачылыш салтанатына катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 20-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Аксы районундагы«Ренжит» каналынын ачылыш салтанатына катышышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Аксы районунун бардык тургундарын «Ренжит» каналынын ачылышы менен куттуктады. “Курулушу көп жылдарга созулган каналдын пайдаланууга берилиши – абдан кубанычтуу  окуя. «Ренжит» каналы Аксы районунун  миңдеген гектар жерлерин сугат суусу менен камсыз кылат. Эми сиздердин  аймак сугат суусун пайдаланууда кошуналарга көз каранды болбойт. Бул өлкөбүздүн реалдуу көз карандысыздыкка жетишүүдөгү дагы бир ишенимдүү кадамы болуп калды”,- деп белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков дагы катышкан салтанатта  жалпы узундугу 7,46 км. келген «Ренжит» каналынын  капиталдык курулушуна  республикалык бюджеттен 411 млн. сом бөлүнгөндүгү белгиленди.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын  толук камсыз кылган энергетика тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу кыскача токтолуп өттү. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын, «Датка-Кемин» ЛЭПинин, Камбарата ГЭС-2 экинчи агрегатынын курулуштарынын, Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун аякташы, Камбарата ГЭС-1 курулушунун башталышы күтүлүп жаткандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы көптөгөн актуалдуу маселелер боюнча өз оюн айтып, аларды чечүүнүн жолдору туурасында пикирин  билдирди. Тактап айтканда Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан өзүнүн транспорттук системасын өнүктүрүүгө тийиш экендигин айтып келип, курула баштаган түндүк-түштүк альтернативалык жолдун маанисине өзгөчө басым жасады.

“Өлкөбүздүн көз карандысыздыгын кандай жол менен кантип камсыз кылыш керектигин билебиз. Бүгүн жол тосуп жаткандар Кыргызстандын өнүгүшүнө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө тоскоол болуп жатышат”, - деп баса белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

2014-жыл 20-июнь