Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын жана Ош облусунун башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2014-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош шаарынын жана Ош облусунун башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Ош шаарынын жана облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Россия Федерациясынын Ош шаары жана Ош облусуна жиберип жаткан финансы каражаттарын максаттуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи. Бул каражаттардын бир бөлүгү Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү эстакадалык көпүрөнүн курулушун каржылоого, ошондой эле калкты ичилүүчү суу менен камсыздоого багытталат.

Президент Алмазбек Атамбаев, ошондой эле 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттарын белгиледи.

2014-жыл 19-июнь