Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты

Бүгүн, 2014-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Навои көчөсү боюнча Ак-Буура дарыясы аркылуу эстакадалык көпүрө куруу үчүн 669 млн. сом сарптоо пландалган. Бирок финансылык негиздөө жана бюджетте керектүү каражаттын жоктугунан бул көпүрөнүн курулушу токтоп турган.

Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев эстакадалык көпүрөнү курууга керектүү акча каражаттары Россия Федерациясы тарабынан Ош шаары жана Ош облусуна жардам катары жөнөтүлүүчү финансы каражаттарынан бөлүнө турганын белгиледи.

Мамлекет башчысы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге Ак-Буура суусу аркылуу көпүрөнүн курулушун 2015-жылдын орто ченинде бүтүрүү зарылдыгы жөнүндө айтты.

Мындан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев шаардыктардын эң олуттуу көйгөйлөрү чечиле турганын белгиледи. Тактап айтканда, Мамлекет башчысы керектөөчүлөрдү жаратылыш газынан суюлтулган газга которууга жана ичүүчү суу көйгөйүн чечүүгө бюджетте акча каралгандыгын белгиледи.

2014-жыл 19-июнь