Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Ош шаарына келди

Бүгүн, 2014-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Ош шаарына келди.

Жумушчу сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышат, ошондой эле облустук жана шаардык башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушат.

Мындан тышкары, эртең Президент Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан «Ренжит» каналын ишке киргизүү аземине катышуусу күтүлүүдө.

2014-жыл 19-июнь