Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Президентинин атайын жардамчысы Селест Уолландерди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 18-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Президентинин атайын жардамчысы, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Россия жана Евразия бөлүмүнүн улук директору Селест Уолландерди кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан жана АКШнын ортосундагы кызматташуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана АКШ Президентинин атайын жардамчысы Селест Уолландер ошондой эле региондук коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Селест Уолландер Кыргыз Республикасынын жетекчилигине Афганистандагы коалициянын иш-аракетин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди жана жакында Кыргызстандагы ишин аяктаган «Манас» транзиттик ташуулар борбордун региондук коопсуздукка кошкон салымын белгилеп өттү.

2014-жыл 18-июнь