Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Бугүн, 2014-жылдын 17-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Улуттук банктын төрагасы Мамлекет башчысына финансылык жөнгө салуу иш-аракетинин негизги багыттары боюнча маалымат берип, инфляцияны азайтуу, банк жана төлөм системаларынын туруктуулугу менен коопсуздугун камсыздоо, улуттук валютанын туруктуу курсун кармап туруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи. Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Улуттук банк тарабынан насыянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында насыялардын пайыздык коюмун төмөндөтүү, жоопкерчиликтүү насыя берүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө айтып берди.

Жолугушууда ошондой эле 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган финансылык секторду өнүктүрүү, тагыраак айтканда “узак мөөнөттүү акча” долбоорун түзүү, банк системасын өркүндөтүү, кичи каржылоо боюнча чаралар каралды.

Мамлекет башчысы Улуттук банк өлкөнүн финансылык секторунун маанилүү бөлүгү экенин, андан көп учурда акча-насыялык саясаты жана туруктуу экономикалык өсүш, жарандардын жашоо деңгээлинин жогорулашы көз каранды экенин белгиледи.

2014-жыл 17-июнь