Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 16-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.

Жолугушууда республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшү талкууланып, анын киреше бөлүгүнүн камсыздалышы боюнча аткарылып жаткан иштер каралды.

Мамлекет башчысына ведомствонун 2013-2017-жылдардын мезгилине өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясынын долбоорлорун каржылоо боюнча иш-аракети, ошондой эле калк алдында социалдык  милдеттенмелердин аткарылышы боюнча маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев чет элдик өнөктөштөрдөн келип жаткан финансылык каражаттардын, анын ичинде Россия Федерациясы тарабынан Кыргызстандын Ош шаары жана Ош облусуна көрсөтүлүүчү финансылык жардамдын эффективдүү жана максаттуу колдонулушунун маанисин белгиледи. Мамлекет башчысы бул каражаттардын бир бөлүгүн өлкөнүн түштүгүндөгү жаратылыш газын колдонуучуларын суюлтулган газга которуу үчүн мамлекет тарабынан каржылоону карап чыгуу керектигин белгиледи.

2014-жыл 16-июнь