Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Владимир Путинди Россиянын күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 12-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди мамлекеттик майрам - Россиянын күнү менен куттуктады.

“Бул майрам Сиздин жетекчилигиңизде туруктуу экономикалык өнүгүү, мамлекеттүүлүктүн кайра жаралып, өсүүсү, эл аралык майдандагы абройдун кыйла көтөрүлүү жолуна түшкөн учурдагы Россияны айгинелейт”, - деп айтылат куттуктоодо.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен болгон кызматташтык мамилелерди тереңдетүү зарылчылыгына жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өркүндөтүүгө олуттуу маани бере турганын баса белгиледи.

“Евразиялык аймакта интеграциялык процесстерди өстүрүү максатында биргелешкен жумушту улантууга бекем ниеттемин”, - деп куттуктоодо Мамлекет башчысы белгиледи. 

Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге чың ден соолук жана ийгилик, ал эми достук Россия элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.

2014-жыл 12-июнь